Сатурндун спутниги Мимастын астында чоң океан болушу мүмкүн

Изилдөөнүн чоо-жайы "Nature" журналында жарыяланды.

2099526
Сатурндун спутниги Мимастын астында чоң океан болушу мүмкүн

Сатурндун спутниги Мимастын муздуу сырткы бетинин астында чоң океан болушу мүмкүн.

Франция, Кытай жана Британиядан изилдөөчүлөр 2017-жылы Сатурндун атмосферасында күйүп кеткенге чейин планетаны жана анын жандоочуларын 10 жылдан ашык изилдеген АКШнын Аэронавтика жана космостук агенттигинин (НАСА) "Кассини-Гюйгенс" космостук аппаратынын байкоолорун карап чыгышты.

Сатурндун спутниги Мимастын орбитасындагы жана айлануусундагы өзгөрүүлөрдү да иликтеген изилдөөчүлөр, Мимастын тоңгон бетинин 20-30 километр астында чоң жана жаш океан болушу мүмкүн экенин белгилешти.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Валерий Лайни эң маанилүү табылганын, суюк суунун болушун эч качан күтпөгөн Мимаста океан болушу мүмкүн экенин айтты.

Лайни: «Мимас жашоого мүмкүн болгон жер сыяктуу көрүнөт. Бирок жашоонун пайда болушу үчүн канча убакыт талап кылынарын билбейбиз», - деди.

Изилдөөнүн чоо-жайы "Nature" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар