Пакистанда шайлоо кызматкерлерине карата кол салуу болду

Пакистандын Хайбер - Пахтунхва провинциясында шайлоочуларга карата куралдуу кол салууда бир полиция кызматкери каза болду.

2099389
Пакистанда шайлоо кызматкерлерине карата кол салуу болду

Пакистандын Хайбер - Пахтунхва провинциясында шайлоочуларга карата куралдуу кол салууда бир полиция кызматкери каза болду.

Полиция кызматкерлери провинциянын Кот Азам районунда белгисиз адамдардын шайлоо кызматкерлерине куралдуу кол салгандыгын билдирди.

Кол салууда бир полициянын каза болгондугу, Кот Азамдагы добуш берүү да убактылуу токтотулду. 

Ошол эле учурда өлкөдө  128 миллиондон ашуун шайлоочу 5 жыл бою мыйзам чыгаруу бийлигин жүргүзө турган Пакистандын Улуттук Парламенти (НА) жана провинциялык парламенттер үчүн шайлоодо добуш бере баштады.

Улуттук Парламенттеги 266 орун үчүн 5 миң 121 талапкер, 4 штаттын парламенттериндеги 593 орун үчүн 12 миң 695 талапкер ат салышууда.

Шайлоочулар Лахор, Карачи, Пешавар жана Кветта сыяктуу шаарларда, өзгөчө борбор Исламабадда добуш берүү үчүн узун кезекке турушту. 90 миң 675 үкөктө добуш берүү иштери жергиликтүү убакыт боюнча саат  17:00дө аяктайт. 

 

 



Тектеш кабарлар