Орусиядан билдирүү
Песков маалымат берди.
2099188
![Орусиядан билдирүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/84bf/bf8f/beef/65705b120ce8c.jpg?time=1722045231)
Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын жолугушуусуна даярдыктардын уланып жатканын айтты.
Песков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө: «Президенттердин жолугушуусуна даярдыктарды улантып жатабыз. Даталар макулдашылат», - деди.
Песков сапардын датасынын Орусияда март айында боло турган президенттик шайлоо менен президент Режеп Таййип Эрдогандын тыгыз программасы эске алынып аныктала турганын кабарлап: «Дата такталганда өнөктөштөрүбүз менен бирге жарыялайбыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/aa34/28e8/c722/632575083d857.jpg?time=1722045232)
Россиянын Коопсуздук кызматы : "Түркия Москвада бомбалуу кол салууга аралашкан шектүүнү тапшырды"
Орус чалгындоо кызматынан берилген маалыматта шектүүнүн Бодрумда кармалгандыгы билдирилди.