НАТО Түркияны мисал катары көрсөттү

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында Улуттук коопсуздук кеңешчилери форматындагы Түндүк Атлантика кеңешинин жыйынына төрагалык кылды.

2099241
НАТО Түркияны мисал катары көрсөттү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг шериктештердин Украинаны түздөн-түз курал-жарак жана ок-дарылар менен да, өз өндүрүштүк кубаттуулугун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жатканын да белгилеп, бул жагынан Түркиянын үлгү боло турган ролуна токтолду.

Йенс Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында Улуттук коопсуздук кеңешчилери форматындагы Түндүк Атлантика кеңешинин жыйынына төрагалык кылды.

Түркияны президенттин башкы кеңешчиси, элчи Акиф Чагатай Кылыч өкүлдүк кылган жолугушуудан кийин Столтенберг басма сөзгө маалымат берди.

Шериктештердин Орусия менен 2 жылдан бери согушуп жаткан Украинага колдоолорун кайталаганын белгилеген Столтенберг, бир суроого жооп берип жатып, Түркиянын Украина армиясынын жаңылануусундагы ролун мактады.

Столтенберг: «Менин оюмча, бул согуштун жүрүшүндө учкучсуз учуучу аппараттар маанилүү роль ойногондугун эстен чыгарбашыбыз керек. НАТО союздаштары да согуш бою колдоо көрсөтүштү. Түркия чындыгында чыңалуунун толук масштабдуу күчөшүнө чейин эле Байрактар ​​учкучсуз учуучу аппараттары менен камсыздап келген. Азыр Украинага учкучсуз учуучу аппараттары чыгаруу үчүн жаңы заводду куруп жатат.

Бул НАТОнун шериктештери Украинага курал-жарактарды жана ок-дарыларды тике жеткирүү аркылуу жана өзүнүн курал өндүрүү потенциалын көбөйтүүгө инвестициялоо аркылуу кандай колдоо көрсөтүп жатканынын мисалы», - деп айтты..



Тектеш кабарлар