Токиодо калың кар жаады

Япониянын борбор шаары Токио жана айланасында калың жааган кардан жабыркагандардын саны 240ка жетти.

2098620
Токиодо калың кар жаады

Япониянын борбор шаары Токио жана айланасында калың жааган кардан жабыркагандардын саны 240ка жетти.

Калың жааган кар борбор шаар Токиодо жана анын айланасындагы Канагава, Сайтама жана Чиба штаттарында күнүмдүк турмушка терс таасирин тийгизди.

Улуттук басма сөздөгү кабарга караганда жөө жүргүнчүлөр басууга кыйын болгон Токиодо 4 жаштан 92 жашка чейинки 140 киши ар кандай жаракат алып ооруканага жаткырылды.

Борбор шаардын түндүк батышындагы Саитамада 70, түштүк чыгышындагы Канагавада да  30 киши жаракат алды.

Токио да болгон чыгыш жээгиндеги провинцияларда  14 миңден ашуун үйдө электр убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Томей жана Метрополитен трассаларында кардын жаашы жана муздан улам транспорт үзгүлтүккө учурады.

All Nippon Airways (ANA) жана Japan Airlines (JAL) компанияларына таандык Токиодо учуп-конуучу 30га жакын ички каттамдар токтотулду.

East Japan Railway компаниясына тиешелүү кээ бир поезд каттамдары убактылуу токтотулса, кээ бир каттамдарда 10 саатка жакын кечигүүлөр болду.

1600гө жакын жүргүнчү вагондордо түнөп, поезд каттамдарынын кечигиши 190 миңге жакын жүргүнчүгө терс таасирин тийгизгени кабарланды.

Токио баш болгон 9 провинцияда мурунку күнү катуу жааган кар эскертүүлөрүн алган Япония метеорология агенттиги (JMA), Токиодо кардын калыңдыгынын 8 сантиметрге жеткенин жарыялады. Агенттиктин маалыматына караганда, борбор шаар Токиодо кардын калыңдыгы акыркы жолу 2022 - жылдын февраль айында 1 сантиметрге жеткен.

 



Тектеш кабарлар