Lufthansa кызматкерлеринин эскертүү иш таштоосу башталды

Эскертүү иш таштоосунун эртең жергиликтүү убакыт боюнча 07.10го чейин улана турганы айтылды.

2099029
Lufthansa кызматкерлеринин эскертүү иш таштоосу башталды

Германияда Lufthansa авиакомпаниясынын жердеги кызматкерлеринин эскертүү иш таштоосу Берлин, Франкфурт, Мюнхен, Гамбург жана Дюссельдорф аэропортторунда башталды.

Бириккен Кызмат Сектору Профсоюзунун (ver.di) чакырыгынан кийин башталган аэропорт кызматкерлеринин эскертүү иш таштоосунун болжол менен 1000 каттам жана 100 миң жүргүнчүгө таасир этиши күтүлүүдө.

Эскертүү иш таштоосунун эртең жергиликтүү убакыт боюнча 07.10го чейин улана турганы айтылды.

Профсоюздун Lufthansa, Lufthansa Teknik жана Lufthansa Cargo компанияларындагы болжол менен 25 миң кызматкер үчүн жумуш берүүчүлөр менен маяна сүйлөшүүлөрү уланууда.

Профсоюз эмгек акыны 12,5 пайызга жогорулатууну талап кылууда. Мындан тышкары кызматкерлерге жогорку инфляциянын ордун толтуруу үчүн 3 миң евролук бонус берилиши талап кылынууда.



Тектеш кабарлар