Европа Биримдигинин Орусияга каршы 13-санкция пакети жолдо

Politicoнун маалыматына караганда, 13-санкция пакети менен киргизиле турган чектөөлөр орус дипломаттарына таасир этиши мүмкүн.

2098884
Европа Биримдигинин Орусияга каршы 13-санкция пакети жолдо

Бельгиянын тышкы иштер министри Хаджа Лахбиб Евробиримдиктин (ЕБ) Украинага жардам берип жатып, Орусияга каршы 13-санкция пакетин 24-февралда активдештирүүнү пландаганын билдирди.

Бельгиянын министри, Украинага бир миллион 155 ммлик ок жеткирүү милдетин аткаруу үчүн Киевге ок-дарыларды жана ракеталарды берүүнү тездетүү керектигин баса белгиледи. Лахбиб: «Биз азыр бул максатка жетүүдөн алыспыз. Эсептөөлөргө караганда, март айына чейин 524 миңге жакын ок жөнөтүлөт, бул биздин пландан бир топ төмөн. Кошумча кадамдарды таштап, өндүрүштү көбөйтүүгө тийишпиз», - деди.

Politicoнун маалыматына караганда, 13-санкция пакети менен киргизиле турган чектөөлөр орус дипломаттарына таасир этиши мүмкүн. Дипломаттарга Евробиримдикте аккредитацияланган өлкөдүн тышына чыгууга тыюу салынышы мүмкүн.

Украинага каршы эки жыл мурун баштаган согуштан улам Орусияга киргизилген санкциялар пакетинин акыркысы 18-декабрда жарыяланган. Анда Орусиядан түз же кыйыр түрдө алмаз импорттоого, ошондой эле Орусияга кош максатта колдонулуучу товарларды, суюлтулган пропан, жез жана алюминий зымдарын, литий батареяларын, учкучсуз учуучу аппараттын тетиктерин сатууга тыюу салынат.

Жаңы санкциялар пакетинин кабыл алынышы үчүн Евробиримдиктин бардык өлкөлөрүнүн бир добуштан макулдугу керек.



Тектеш кабарлар