Жо Байден Украина жана Израиль ортосунда бөлүүчүлүктү четке какты

АКШ башкаруусу Жо Байдендин Өкүлдөр палатасынын республикачыл мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган мыйзам долбоорун вето кылууну пландагандыгын билдирди.

2098339
Жо Байден  Украина жана Израиль ортосунда бөлүүчүлүктү четке какты

АКШ башкаруусу Жо Байдендин Өкүлдөр палатасынын республикачыл мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган мыйзам долбоорун вето кылууну пландагандыгын билдирди. Сөз болгон мыйзам долбоору Украинаны тышта калтырып бир гана Израилге каржылык жардамдын берилишин күтүүдө.

Президент Украинага да Израилге да жардам, өзгөчө мамлекеттик чек арасынын бекемдешилиши сыяктуу беренелерди камтыган кенен масштабдуу мыйзам долбоорун колдоодо. Ак үйдүн бул маселе боюнча билдирүүсүндө : «Башкаруу Конгресстин эки канатын да бул саясий көз боемочулукту четке кагууга жана эки партиянын колдоосу менен Улуттук коопсуздуктун өзгөчө кырдаалдарына чара көрүү мыйзамын эртерээк президентке жиберүүгө чакырылууда»,- деп айтылды.

Байден башкаруусунун өкүлдөрү бир канча ай сенатта Демократиялык жана Республикалык партиялардын мүчөлөрү менен сунушталган мыйзам долбоорунун үстүндө  иштешти. Бул долбоор Украина, Израиль, Индо -  Тынч океан аймагындагы өнөктөштөргө бериле турган жардамдарды АКШнын миграция саясатынын реформасы менен бириктирүүдө жана миллиаррдаган долларлык бюджеттин бул максаттар үчүн бөлүнүшүн күтүүдө.

Республикачыл партиянын Өкүлдөр палатасындагы мүчөлөрү сенаттын эки тараптуу мыйзам долбоорун четке кагарын жана анын ордуна бир гана Израилге жардамдарды камтыган мыйзам долбооруна добуш беришерин билдирди.

Өкүлдөр палатасынын республикачылдардын көпчүлүгү менен Израилге жардам боюнча мыйзам долбоорун ноябрь айында бекиткен. Бирок бул мыйзам долбоору демократтардын көзөмөлүндөгү сенатта талкууланган жок, анткени сенаторлор Байден Конгресске сунуштаган кеңири жардам пакетинин үстүндө иштеп жаткан.

Жо Байден бир журналисттин Невадагы пресс  - жыйынында берилген бир суроого берген жообунда Өкүлдөр парламентинин катчысы Майкл Жонсонго сенаттын ишин текшерүүнү сунуш кылды жана эки тараптуу келишимдин маанилүүлүгүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар