Пакистандын деңиз флоту индиялык 9 жаранды куткарды
Пакистан деңиз флотунун издөө-куткаруу иштери үчүн узак аралыкка учуучу деңиз күзөт учагын жана «PMSS Кашмир» аттуу көп максаттуу кемесин Араб деңизине жибергени белгиленди.
Пакистандын флоту, Араб деңизинде техникалык мүчүлүштүктөн улам Индия желектүү кемеде калган индиялык 9 адамды куткарды.
Пакистан армиясынын билдирүүсүндө, Араб деңизинде индиялык 9 жарандын куткарылганга чейин 24 саатка жакын чыга албай калганы белгиленди.
Индия желеги илинген кеменин жээкте калганы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Пакистан деңиз флотунун издөө-куткаруу иштери үчүн узак аралыкка учуучу деңиз күзөт учагын жана «PMSS Кашмир» аттуу көп максаттуу кемесин Араб деңизине жибергени билдирилди.
Аталган кеменин техникалык мүчүлүштүктөн улам деңизде калып калганы маалымдалган билдирүүдө, 9 Индия жараны куткарылып кеменин оңдолгону баса белгиленди.
Индиянын Дебхол портунан 4-февралда жолго чыккан кеменин Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарына багыт алганы кабарланды.
Индиянын деңиз флоту, Араб деңизинде сомалилик каракчылар тарабынан колго түшүрүлгөн Иран желектүү балык уулоочу кемени 19 экипажы менен 2-февралда куткарганын жарыялаган. 7 каракчы тарабынан колго түшүрүлгөн экипаждын 11 ирандык жана 8 пакистандыктан турганы айтылган.