Калифорнияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жана жер көчкү болду

Жылуу океандын үстүндө узун жана кууш аба коридорлору түрүндө пайда болгон «атмосфералык дарыялар» кургактыкка жеткенде катуу бороон сыяктуу аба ырайынын шарттарын пайда кылат.

2098525
Калифорнияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жана жер көчкү болду

АКШнын батыш жагындагы Калифорния штатында катуу шамал жана жамгырдан улам бир киши каза болду. 

Калифорнияда күтүүсүз жааган жамгырдын натыйжасында кээ бир аймактарда сел жана жер көчкү болуп, аба ырайынын катаал шарттарынан улам көптөгөн учак каттамдары токтотулуп, коомчулукка  унаа колдонбоо сунушталды.

Жетекчилер штаттын түндүгүндөгү Сан - Франциско шаарында шамалдын ылдамдыгынын кээ кээде саатына  96 километрге жеткендигин тоолуу аймактарда бул ылдамдыктын саатына  128 километр экендиги тууралуу маалымат берилди. 

Сан - Францискодо бир киши үстүнө дарактын кулашы менен каза болду.  

Калифорния губернаторлугу буулануу менен жогорулаган абанын шамал менен кошо келгендиги жана асманда нымдуу аба агымын түзгөн "атмосфералык дарыянын" таасири менен пайда болгон апааттан улам Лос Анжелес менен штаттын Мексика чек арасындагы Сан Диего да араларында болгон 7 облуста өзгөчө кырдаал жарыялады. 

Штатта азыр да  458 миңден ашуун абонентке электр бериле албай жатат.

Жылуу океандын үстүндө узун жана кууш аба коридорлору түрүндө пайда болгон «атмосфералык дарыялар» кургактыкка жеткенде катуу бороон сыяктуу аба ырайынын шарттарын пайда кылат.

 



Тектеш кабарлар