БУУ Газадагы абал тууралуу маалымат берди

Израиль 7 -  октябрдан бери бомбалап жаткан Газа тилкесинде  100 миңге жакын кишинин өлтүрүлгөндүгү, жаралангандыгы же дайынсыз жоголгондугу билдирилди.

2098318
БУУ Газадагы абал тууралуу маалымат берди

Израиль 7 -  октябрдан бери бомбалап жаткан Газа тилкесинде  100 миңге жакын кишинин өлтүрүлгөндүгү, жаралангандыгы же дайынсыз жоголгондугу билдирилди.

БУУнун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналы качкындарга жардам агенттигинин (UNRWA) комиссары Филипп Лаззарини X социалдык медиа платформасында жасаган билдирүүсүндө Газа калкынын 80 пайыздан ашыгынын жер которууга аргасыз болгонун белгиледи.

Газада 17 миң баланын коргоосуз калганына же үй-бүлөсүнөн ажыраганына көңүл бурган Лаззарини : "Газада 4 айга созулган согушта 100 миңге жакын адам каза болду, жарадар болду же учурда дайынсыз. Бул калктын болжол менен 5 пайызына туура келет. Бул  шаарыңызда же өлкөңүздө эмнени билдирерин оңой эле түшүнсөңүз болот".

Газада кагылышуулардын уланып жатканын баса белгилеген Лаззарини : "Согуш токтобой уланууда, бирок жеңүүчү болбойт. Болгону азап жана кайгы болот. Ок атышпоонун убагы келди. Газадагы, Израилдеги, аймактын башка жерлериндеги жана анын тышындагы адамдардын жакшылыгы үчүн башка бир жолго кирүү керек»,- деп баа берди.  

Газадагы Аалестина Саламатыткты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда Израилдин 7 -  октябрдан жасаган кол салууларында көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон  27 миң  478 киши өлтүрүлүп, 66 миң  835 палестиналык да жаракат алды.

 



Тектеш кабарлар