Израилдин Газага кол салуулары...

WAFA агенттиги Израилдин согуштук учактары өзгөчө Газа тилкесинин борбору жана түштүгүндө көптөгөн аймактарга кол салса, Израиль армиясынын чабуул катерлери жана артиллериялык бөлүктөрү деңизден жана кургактыктан бутага алганын билдирди.

2097255
Израилдин Газага кол салуулары...

7-октябрдан бери эл ачка жана суусуз калтырылган Газа тилкесинде Израилдин кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 27 миң 365ке жетти.

Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесинде 121 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди.

Билдирүүдө Израилдин Газа тилкесинде акыркы суткада «14 кыргын» жасаганы белгиленди.

Израил аскерлеринин акыркы 24 саатта Газа тилкесинде дагы 127 палестиналыкты өлтүрүп, 178 палестиналыкты жарадар кылганы билдирилди.

Израилдин Газадагы кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 27 миң 365ке, жаралуулардын саны 66 миң 630га жеткени белгиленди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле каза болгондордун бар экенин, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу кызматкерлери сөөктөргө жете албаганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар