Батыш Шериада израилдик күчтөр тарабынан кармалган палестиналыктардын саны 6 миң 512ге жетти

Палестиналык туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу туткундар жана боштондукка чыккан делегациянын биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

2097316
Батыш Шериада израилдик күчтөр тарабынан кармалган палестиналыктардын саны 6 миң 512ге жетти

7-октябрдан бери басып алган Батыш Шериада израилдик күчтөр тарабынан кармалган палестиналыктардын саны 6 миң 512ге жетти.

Палестиналык туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу туткундар жана боштондукка чыккан делегациянын биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериада жүргүзгөн камоолоруна байланыштуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин акыркы 24 саатта араларында мурда кармалгандар да болгон 14 палестиналыкты кармаганы, 7-октябрдан бери басып алынган Батыш Шериада камалгандардын санынын 6 миң 512ге жеткени белгиленди.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн тинтүүлөрүндө үйлөргө чоң зыян келтиргени, шаарлардагы инфраструктураны талкалаганы, палестиналыктардын унаалары менен акчаларын тартып алганы белгиленди.

Израиль Газага чабуулун баштаган 7-октябрдан бери басып алынган Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста палестиналыктарды камоолор, рейддер жана кол салуулар көбөйдү.



Тектеш кабарлар