АКШда бир үйдүн гаражынан эски ядролук ракета табылды

Би-Би-Синин билдиргенине караганда  Огайодогу  АКШ аба күчтөрүнүн Улуттук музейинин кайрымдуулук  сунушун билдирүү үчүн  Беллеву шаар полициясына телефон чалуусу менен аракетке өтүлдү.

2097072
АКШда бир үйдүн гаражынан эски ядролук ракета табылды

АКШда полиция бир үйдүн гаражынан эски ядролук ракета тапты.

Би-Би-Синин билдиргенине караганда  Огайодогу  АКШ аба күчтөрүнүн Улуттук музейинин кайрымдуулук  сунушун билдирүү үчүн  Беллеву шаар полициясына телефон чалуусу менен аракетке өтүлдү.  

Ракетаны музейге кайрымдуулук кылууну каалаган кишинин үйүнө бомба тобун жиберген полиция бош турган ракетанын өзөктүк ракета экенин билдирди.

Полиция табылган аппараттын  мурданы аты  MB-1  болгон Дуглас AIR-2 Genie үлгүсүндөгү, өзөктүк дүрмөттү алып жүрүү үчүн долбоорлонгон, абадан абага атуучу ракета экендигин белгиледи. 

Полиция ракетанын эч кандай дүрмөтү жок болгондуктан коркунуч жаратпагандыгын билдирди.

Ракетанын ээси полицияга ракетаны каза болгон кошунасынан алганын айтты.

Сиэтл Таймс гезитинин маалыматына ылайык, ракетаны Кансыз согуш учурунда АКШ жана Канада  колдонгон.

Биринчи жана жалгыз атылышы 1957 - жылы болгон ракетанын өндүрүшү 1962-жылы аяктаган.

 



Тектеш кабарлар