Хуситтер Британиянын кемесин атты

Йемендеги Иран колдогон хуситтер, Кызыл деңиздеги "оккупациядагы Палестинанын портторуна бара жаткан" британиялык соода кемесин бутага алышканын жарыялашты.

2096417
Хуситтер Британиянын кемесин атты

Йемендеги Иран колдогон хуситтер Кызыл деңизде "оккупациядагы Палестинанын портторуна бара жаткан" британиялык соода кемесин бутага алышканын жарыялашты.

Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери X социалдык медиа эсебинен маалымат берди.

Палестина калкы менен тилектештигин билдирген Сери :  «АКШ менен  Британиянын Йеменди бутага алганына жооп катары» Кызыл деңизде Британиянын соода кемесин «тиешелүү деңиз ракеталары» менен бутага алгандарын айтты.

Бутага алган кеменин (Израилди белгилп) "оккупациядагы Палестина жерлерине" баргандыгын белгилеген Сери Газага карата блокаданы жоюп Израиль кол салуулары акырына чыкканга чейин Кызыл деңиз жана Оман деңизинде Израиль кемелерине же Израилге бара жаткан кемелерге кол салуулардын улантыла тургандыгын айтты. 

Хусилер Израилдин Газадагы кол салууларына каршылык көрсөтүүнүн негизинде 31 -  октябрда Йемен жакындарында израилдик фирмаларга караштуу экендигин белгилеген соода кемелерин конфискациялап, айрымдарына да дрон жана ракеталар менен кол сала баштады.

АКШнын күчтөрү бул процессте бир топ жолу Йеменден атылган ракета жана камикадзе дрондорунун атып түшүрлгөндүгүн жарыялады.

Глобалдык сооданын болжол менен 12 пайызы Жер Ортолук деңизди Кызыл деңизге туташтырган жана Европа менен Азиянын ортосундагы эң кыска жолду сунуш кылган Суэц каналы аркылуу ишке ашууда.

 

 



Тектеш кабарлар