Израиль Дамаскка абадан сокку урду

Şергиликтүү убакыт боюнча саат 04.20да Дамасктын түштүгүндөгү кээ бир пункттардын Израиль күчтөрүнүн абадан кол салуусу менен бутага алынганы белгиленди.

2096721
Израиль Дамаскка абадан сокку урду

Израиль Сириянын борбору Дамаскка абадан сокку урду.

Сириянын расмий кабар агенттиги САНАнын аскердик булакка таянып берген кабарында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 04.20да Дамасктын түштүгүндөгү кээ бир пункттардын Израиль күчтөрүнүн абадан кол салуусу менен бутага алынганы белгиленди.

Кабарда: «Абадан коргонуу системаларыбыз оккупацияланган Голан дөңсөөлөрү тараптан келген душмандын ракеталарын аныктап, айрымдарын атып түшүрдү. Чабуулда зыян келтирилди»,- деп айтылды.

Израиль бийлиги болсо кол салууга байланыштуу билдирүү жасаган жок.

Белгилүү болгондой, Дамаск жана айыл аймактарында Ливан Хизбулласынын элементтери, ошондой эле Сирия армиясы жана Иран колдогон топтор бар.

2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталгандан бери Израиль бул өлкөдөгү Иран колдогон топторго маал-маалы менен кол салууларды жасап келет.



Тектеш кабарлар