Дүйнө жүзү боюнча рак оорусу күч алууда

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) жана Эл аралык онкологиялык изилдөөлөр агенттиги (IARC) 4-февраль - Дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата отчетун жарыялады.

2096548
Дүйнө жүзү боюнча рак оорусу күч алууда

2022-жылы дүйнө жүзү боюнча болжол менен 20 миллион жаңы рак учуру аныкталып, бул бейтаптардан 9,7 миллион адамдын каза тапканы билдирилди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) жана Эл аралык онкологиялык изилдөөлөр агенттиги (IARC) 4-февраль - Дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата отчетун жарыялады.

Отчетто 2022-жылы рак оорусунун 20 миллион жаңы учуру катталып, рактан улам 9,7 миллион адамдын көз жумганы маалымдалды.

Рак диагнозу коюлган жана андан кийинки 5 жылда аман калган адамдардын болжолдуу саны болсо 2022-жылы 53,5 миллионго жеткени айтылган отчетто, 2050-жылы 35 миллиондон ашуун жаңы рак учурунун болжолдонгону кабарланды.

Глобалдык рак жүгүнүн тездик менен өсүп жатканына көңүл бурулган отчетто тамеки, алкоголь жана семирүүнүн рак оорусунун негизги факторлору, абанын булганышынын болсо «экологиялык тобокелдик» факторлорунун бири экени эске салынды.



Тектеш кабарлар