Помидор ширесинин пайдасы

Изилдөөнүн чоо-жайы Американын микробиология коому тарабынан чыгарылган Microbiology Spectrum гезитинде жарыяланды.

2096193
Помидор ширесинин пайдасы

Помидор ширесинин көптөгөн бактерияларды, анын ичинде ич келте оорусун козгогон Salmonella typhiди өлтүрө алары айтылды.

TechExplorist сайтынын маалыматына караганда, Америка Кошмо Штаттарынын Корнелл университетинин изилдөөчүлөрү помидор ширесинин, дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 21 миллион оору жана 200 миң өлүмгө алып келген ич келте оорусун пайда кылган Salmonella typhi бактериясы менен бирге тамак сиңирүү системасы жана заара чыгаруу жолдорунун саламаттыгына зыян келтире турган бактерияларды өлтүрө аларын аныктады.

Изилдөөнүн жетекчиси жана Корнелл университетинин микробиология жана иммунология профессору Чоңмин Сонг: «Изилдөөбүз помидор менен томат ширесинин сальмонелла сыяктуу ичеги бактерияларын өлтүрөрүн көрсөттү»,-деди.

Изилдөөнүн чоо-жайы Американын микробиология коому тарабынан даярдалган Microbiology Spectrum гезитинде жарыяланды.



Тектеш кабарлар