Мицотакис Түркиянын коргоо өнөр жайына баа берди

Кирякос Мицотакис өлкөсүндөгү SKAI FM радиосуна күн тартибине байланыштуу баа берди.

2095503
Мицотакис Түркиянын коргоо өнөр жайына баа берди

Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис: «Түркиянын абдан маанилүү коргоо өнөр жайы экспорту бар»,-деди.

Кирякос Мицотакис өлкөсүндөгү SKAI FM радиосуна күн тартибине байланыштуу баа берди.

Өлкөсүнүн АКШдан F-35 сатып алуу талабына Вашингтондун оң караганын эске салган Мицотакис, АКШнын Ашыкча коргонуу материалдары (EDA) программасынын алкагында аларга кээ бир аскердик материалдарды да бекер бере ала турганын айтты.

Журналисттин, Түркиянын кээ бир куралдарын өзү чыгарганын эске салганы боюнча Мицотакис: «Түркия абдан маанилүү коргоо өнөр жайы экспортуна ээ. Биз болсо дагы деле өткөндөгү кемчиликтерди толуктоого аракет кылуудабыз»,-деди.

Грециянын премьер-министри, Түркия менен декабрда кол коюлган «Достук карым-катнаштар жана жакшы коңшулук боюнча Афина декларациясынын» эки тараптуу мамилелерди нормалдаштыруу процессине киргизгенин белгилеп, май айында борбор шаар Анкарага барууну пландаганын да билдирди.



Тектеш кабарлар