ПКК/ЙПГ террористтеринин фронко кирүү аракети
Африндин түштүк-чыгышындагы Кимар жана Анеб аймактарынан СУА фронтуна өтүүгө аракет кылган террористтер күзөттө турган СУА мүчөлөрү менен кагылышты.
Сирияда Халебдин Тель-Рыфат районун оккупациялоону уланткан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Африндеги Сирия улуттук армиясынын (СУА) фронтуна кирүү аракетине бөгөт коюлду.
Жергиликтүү коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда ПКК/ЙПГ террористтери таңга жуук Тель-Рыфаттан коопсуз аймактардагы аскердик пункттарга кирүүгө аракет кылышты.
Африндин түштүк-чыгышындагы Кимар жана Анеб аймактарынан СУА фронтуна өтүүгө аракет кылган террористтер күзөттө турган СУА мүчөлөрү менен кагылышты.
Кирүү аракеттеринин мизин кайтаруу менен кагылышууда жоготууга учураган ПКК/ЙПГ террористтери артка чегинүүгө аргасыз болду.
Террорчулар кирүүгө аракет кылган аймактарга кургактан жерге атуучу курал менен кол салышты.
Террордук уюм ПКК/ЙПГ 2016-жылдан бери басып алган Тель-Рыфат жана Манбижден СУАнын фронт линияларына кирүүгө аракет кылууда.