АКШнын курал сатуусунда өсүш

Би-Би-Синин кабарына караганда, 2023-жылы АКШнын чет өлкөлөргө курал сатуусу көңүл буруучу деңгээлге жетти.

2095118
АКШнын курал сатуусунда өсүш

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) курал сатуусу өткөн жылы олуттуу түрдө өсүп 238 миллиард долларга жогорулады.

Би-Би-Синин кабарына караганда, 2023-жылы АКШнын чет өлкөлөргө курал сатуусу көңүл бурарлык деңгээлге жетти.  

Тышкы иштер министрлиги октябрь айында аяктаган каржы жылы үчүн өкмөткө даярдаган отчетто, АКШ өкмөтүнүн былтыр 2022-жылга салыштырмалуу 56 пайызга өсүү менен 81 миллиард долларлык сатуу үчүн түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү билдирилди.

Америкалык коргонуу фирмаларынын чет өлкөлөргө түз сатууларын кошкондо өткөн жылы жалпы сатуу көлөмү 238 миллиард долларды түздү.

Коргонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө аракет кылган Украинанын коңшусу Польша АКШдан эң көп курал-жарак сатып алган өлкөлөрдүн бири болду.

12 миллиард долларга Apache тик учактарын сатып алган Польша, HIMARS ракета аткыч системасы үчүн 10 миллиард доллар жана M1A1 Abrams танктары үчүн 3,75 миллиард доллар төлөдү.

Польша ошондой эле интеграцияланган абадан жана ракетадан коргонуу системаларына 4 миллиард доллар сарптады.

АКШнын курал сатуусу, Украинадагы согуштан улам көптөгөн жылдар бою Вашингтондон кийинки экинчи ири курал-жарак сатуучу болгон Москвадан алыстаган өлкөлөр тарабынан көбөйтүлдү.

Германия Chinook тибиндеги тик учактарга 8,5 миллиард доллар сарптады.

Болгария Stryker тибиндеги бронетехника үчүн 1,5 миллиард доллар төлөсө, Норвегия 1 миллиард долларга көп функциялуу тик учактарды сатып алды.

Чехия да 5,6 миллиард долларга F-35 согуштук учактарын жана ок-дарыларды сатып алды.

Американын курал-жарактары Европадан тышкаркы жерлерде да чоң кызыгууну жаратты.

Түштүк Корея F-35 согуштук учактары үчүн 5 миллиард доллар төлөсө, Австралия C130J-30 Super Hercules үлгүсүндөгү учактар ​​үчүн 6,3 миллиард доллар сарптады.

Япония да E-2D Hawkeye тибиндеги байкоочу учак үчүн 1 миллиард долларлык келишимге жетишти.



Тектеш кабарлар