Бразилияда сел жүрдү

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам  сел жүрүп акыркы бир жумада 12 адам каза болду.

2093325
Бразилияда сел жүрдү

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам  сел жүрүп акыркы бир жумада 12 адам каза болду.

Рио-де-Жанейро шаарынын мэри Марсело Кривелла басма сөзгө берген маалыматында кээ бир шаарларда 25 миң кишинин эвакуацияланганын, издөө-куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын белгиледи.

Бир жумадан бери нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдан улам  12 кишинин каза болгонун белгилеген Кривелла өткөн жумада өзгөчө кырдаал жарыялашкандарын эске салды. 

Кривелла унаа жолдорунун жана ондогон үйдүн суу астында калганын айтып, бул аймактарга чукул гуманитардык жардамдардын жеткирилерин белгиледи. Шаарда мурдагы жылдарда да катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел жана жер көчкүлөрдө ондогон киши каза болгон. 

 

 



Тектеш кабарлар