Хуситтер АКШ жана Улуу Британияны «Кызыл деңизден аскердик кемелерин чыгарып кетүүгө» чакырды

Хуситтердин SABA маалымат агенттиги хуситтердин Жогорку саясий кеңешинин мүчөсү Мухаммед Али аль-Хуси борбор калаа Санадагы аскердик парадда сөз сүйлөгөнүн жарыялады.

2092818
Хуситтер АКШ жана Улуу Британияны «Кызыл деңизден аскердик кемелерин чыгарып кетүүгө» чакырды

Йемендеги хуситтер Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) жана Улуу Британияны «Кызыл деңизден аскердик кемелерин чыгарып кетүүгө» чакырды.

Хуситтердин SABA маалымат агенттиги хуситтердин Жогорку саясий кеңешинин мүчөсү Мухаммед Али аль-Хуси борбор калаа Санадагы аскердик парадда сөз сүйлөгөнүн жарыялады.

Кабарга ылайык, Хуси: «АКШ менен Улуу Британиянын Кызыл деңиздеги болушу Вашингтон менен Лондон айткандай эл аралык кемелерди коргоо үчүн эмес, Газадагы Палестина элине каршы геноцид жана мажбурлап көчүрүү согушун жүргүзүп жаткан Израилди коргоо үчүн»,-деп айтты.

АКШ хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарды бомбалаганда жана өзүн-өзү коргоо үчүн деп айтканда, хуситтердин коркпогондорун түшүнүшү керектигин белгилеген Хуси: «Йемен калкына каршы иштеген бардык кемелер чөктүрүлөт»,-деди.

Хуси АКШ менен Англиянын коркутууларынын пайдасыз экенин белгилеп, «Кемелерин Кызыл деңизден алып кетүүгө» чакырды.

АКШ менен Улуу Британияны Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга кол салууларды токтотууга жана Газадагы блокаданы жоюуга багыт берүүгө чакырган Хуси, муну «туура жол» деп мүнөздөдү.

Иран тарабынан колдоого алынган хуситтер Израилдин Газадагы кол салууларына каршы чыгуу катары 31-октябрда Йемендин жээктеринде Израиль фирмалары менен байланышы бар экенин айткан соода кемелерин колго түшүрүп, айрымдарына дрондор ​​жана ракеталар менен ата башташкан.

Америкалык күчтөр бул мезгилде Йеменден атылган ракеталарды жана камикадзе дрондорду атып түшүргөнүн көп жолу жарыялашты.

Хуситтердин аракеттеринен кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимине келди.

 



Тектеш кабарлар