Бразилияда кеме чөктү

Окуяда 8 киши каза болду.

2092891
Бразилияда кеме чөктү

Бразилиянын түндүк - чыгышындагы Бахия штатында жүргүнчүлөрдү ташыган кеме оодарылып, 8 киши каза болду.

Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын билдирүүсүндө, Тодос-ос-Сантос булуңунда бараткан жүргүнчү кемесинде ашыкча киши болгондуктан   оодарылгандыгы билдирилди.

Маалыматта окуяда 8 кишинин каза болгону, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин уланып жаткандыгы маалымдалды. 

Бразилия басма сөзүндө орун алган кабарда жүргүнчүлөрдү ташыган кемеде чыр  - чатактын чыккандыгы жана кеменин ушул себептен оодарылганы, каза болгондордун санынын көбөйүшүнө байланыштуу кооптонуулардын бар экендиги бөлүшүлдү.

Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.



Тектеш кабарлар