АКШдан Түркияга F16 сатылышы

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин жооптуусу Түркияга F-16нын сатылышына баа берди.

2092526
АКШдан Түркияга F16 сатылышы

АКШ бийлиги Түркияга F-16ларды сатуунун өздөрүнүн, Түркиянын жана берки НАТО союздаштарынын улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына жооп берерин билдирди.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин жооптуусу Түркияга F-16нын сатылышына баа берди.

Ак үйдүн жооптуусу АКШнын президенти Жо Байдендин Түркиянын F-16 флотунун жаңыланышын башынан эле колдогондугун айтты.

Ошондой эле «Бул (F-16 сатуу) НАТОнун алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдейт жана АКШнын улуттук кызыкчылыгына жооп берет. Чет өлкөлөргө курал сатууда Конгресс маанилүү роль ойнойт, биз бул тема боюнча Конгресс менен иштешип жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар