Сириядагы АКШ күчтөрү жайгашкан Конико газ объектисине чабуул жасалды

Кол салууда чыгымдын болуп же болбогондугу белгисиз.

2092136
Сириядагы АКШ күчтөрү жайгашкан  Конико газ объектисине чабуул жасалды

Сириянын  чыгышындагы Дейризор провинциясында АКШ күчтөрү жайгашкан Конико газ объектисине чабуул жасалды. 
Конико газ  объектисине кургактыктан кургактыкка аткан куралдар менен кол салуу жасалды.

Кол салууда чыгымдын болуп же болбогондугу белгисиз.

Хасеке жана Дейрузордо АКШ армиясынын базалары, жылдын башынан бери бат  - бат ракета жана кимге таандык экендиги белгисиз камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынууда. 

 Эвфрат дарыясынын чыгышындагы Дейрузор жерлери АКШ колдогон жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын басып алуусунда, провинциянын борбору жана башка айыл аймактары Асад режими менен Иран колдогон топтордун көзөмөлүндө.

Ошол эле учурда  АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) 20 - январда Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан Айн ал-Асад аскердик базасына баллистикалык ракеталар менен жасалган кол салуунун ушул кезге чейин жасалгандардан дагы чоң масштабда экендигин билдирди. 

Пентагондун басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх, америкалык аскерлер жайгашкан Ирактын Анбар провинциясындагы Айн ал-Асад аскердик базасына дем алыш күндөрү болгон кол салууга байланыштуу баа берди.

Сингх 7 - октябрдан бери Ирак жана Сирияда америкалык аскерлер жайгашкан базаларга 143 кол салуу болгондугун айтып, 20-январдагы кол салуунун  «мурдагылардан дагы масштабдуу чабуул» болгондугун  айтты.

АКШнын Борбордук командирлигинин (CENTCOM) интернет барагында жасалган билдирүүдө 20 - январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.30да Ирактын батышындагы Айн ал-Асад аскердик базасына Иран колдогон согушкерлер тарабынан көптөгөн баллистикалык ракетанын учурулганы билдирилген.

 



Тектеш кабарлар