Израиль Хан Юнусту курчоого алды

Израиль армиясы кургактык бөлүктөрүнүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү эң чоң отурукташуу аймагы Хан Юнусту курчоого алгандыгын билдирди.

2092431
Израиль Хан Юнусту курчоого алды

Израиль армиясы кургактык бөлүктөрүнүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү эң чоң отурукташуу аймагы болгон Хан Юнусту курчоого алгандыгын билдирди.

Израиль армиясы буга чейин «коопсуз экендигин» айткан жана өткөн айдын башында «согуш аймагы» деп жарыялаган Хан Юнуска карата кол салууларын арттырды.

«Согуш аймагы»  деп жарыялангандан кийин Хан Юнуска  кургактыктан кол салууну баштаган Израиль армиясы акыркы күндөрдө аймакты абадан, кургактыктан жана деңизден катуу бомбалоодо.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта акыркы  24 саатта Израиль күчтөрүнүн кенен масштабдуу кол салууларды жасагандыгы жана Хан Юнустун кургактык бөлүктөрү тарабынан курчоого алынгандыгы белгиленди.

Израиль армиясы Хан Юнуска чабуулун күчөтүп,  миңдеген палестиналык Египет чек арасында жайгашкан Рафах шаарына көчүүгө аргасыз болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Хан Юнустан башталган миграциядан мурда Рафах калкынын саны  төрт эсе көбөйүп, 1 миллион 200 миңге жетти жана  Газа калктын жыштыгы эң көп аймакка айланды.

Курулуш деңгээли төмөн болгондуктан аймакка көчкөн палестиналыктар убактылуу чатырлардан турган лагерлерге жайгашууга аргасыз болушту.

Ошол эле учурда оккупацияланган Батыш Шериада Израиль күчтөрү тарабынан кармалган палестиналыктардын саны 6 миң 220ге жетти.

Палестиналык туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу туткундар жана боштондукка чыккандар делегациясынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө  Израилдин Тулкерим, Наблус, Рамалла, Кудс, Эл  -  Халил жана Бейтүллахим  шаарларында араларында буга чейин камалгандар да болгон 25 палестиналыкты камакка алгандыгы,  менен Бетлехемде акыркы 24 саатта кармалганы   7 – октябрдан бери Батыш Шериада   камакка алынгандардын саны  6 миң  220га  жеткендиги белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар