Газадагы БУУнун баш калкалоочу борборуна сокку урулду

Лазарини социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө кол салууларда эң аз 6 палестиналыктын каза болгонун, көп сандаган жарандын жараланганын белгиледи.

2092486
Газадагы БУУнун баш калкалоочу борборуна сокку урулду

Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам берүү жана иш боюнча агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесиндеги Хан Юнус аймагындагы UNRWA баш калкалоочу борборунун бутага алынганын билдирди. 

Лазарини социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө кол салууларда эң аз 6 палестиналыктын каза болгонун, көп сандаган жарандын жараланганын белгиледи.

UNRWA кызматкерлери, бейтаптар жана баш калкалагандар Хан Юнустагы бир нече ооруканада "кыпчылып" калганына көңүл бурган Лазарини мындай деди:

"Мен бардык тараптарды эл аралык мыйзамдарга ылайык жарандарга, саламаттыкты сактоо борборлоруна жана кызматкерлерине, ошондой эле БУУнун объектилерине келтирилген зыянды азайтуу үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырам".

Лазарини БУУнун баш калкалоочу борборун ким бутага алганын айтпаса да, Израиль армиясынын Хан Юнуста кургактагы чабуулдарын күчөткөнү белгилүү.



Тектеш кабарлар