Газада балдар менен аялдардын өлүмү

Израилдин Газа тилкесинде  7 -  октябрдан бери жасап келе жаткан кол салууларында  11 миң бала жана  7 миң 500 аялдын каза болгондугу билдирилди.

2092025
Газада балдар менен аялдардын өлүмү

Израилдин Газа тилкесине  7 -  октябрдан бери жасап келе жаткан кол салууларында  11 миң бала жана  7 миң 500 аялдын каза болгондугу билдирилди. 
Газадагы өкмөттүн Медиа кеңсесинен берилген маалыматта Израилдин Газага  108 күндөн бери жасаган кол салууларында  каза болгон  25 миң  925 кишинин  11 миңинин бала,  7 миң  500нүн аялдар экендиги маалымдалды. 

Газада ушул кезге чейин 70 пайызы аялдар жана балдар 7 миң кишинин азыр да уранды астында экендиги белгиленип,  63 миң кишинин да жаралангандыгы айтылды. 

Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Мартин Гриффитс Х социалдык медиа эсебинен : "7 -  октябрдан бери Газага карата зомбулукта азаюу жок",- деп билдирип, Газада ар бир саатта  2 эненин өлтүрүлгөндүгүн жарыялады. 

.



Тектеш кабарлар