Иштийе: «Палестина мамлекетин түзүү боюнча эл аралык консенсус бар»

Палестинанын премьер-министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Мухаммед Иштийе өкмөттүн кезектеги жумалык жыйынында сөз сүйлөдү.

2091891
Иштийе: «Палестина мамлекетин түзүү боюнча эл аралык консенсус бар»

Палестинанын премьер-министри Мухаммед Иштийе Палестина мамлекетин түзүү боюнча эл аралык аренада консенсус бар экенин билдирди.

Палестинанын премьер-министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Мухаммед Иштийе өкмөттүн кезектеги жумалык жыйынында сөз сүйлөдү.

Мухаммед Иштийе өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө: «Эки мамлекеттүү чечим вариантынын алкагында эл аралык активдүүлүк бар. Дүйнө жүзү эки мамлекеттүү чечимди четке каккан Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана өкмөтүнүн мамилесине көңүл бурушу керек деп жатабыз»,-деп айтты.

дүйнөнүн баскынчылыкты токтотуу, Палестина мамлекетин таануу жана Палестинанын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болушу үчүн добуш берүүсү үчүн аракет кылышы керектигин белгилеген Иштийе: «Палестина мамлекетин түзүү боюнча эл аралык консенсус бар»,-деди.

Мухаммед Иштийе бул эл аралык консенсустун «оккупацияны токтотууга багытталган Палестина мамлекетин жеринде конкреттештире турган практикалык кадамдарга» которуу керектигин белгиледи.

Израилдин палестиналыктарга карай уланып жаткан кол салуулары, отурукташуу жерлери, басып алуу жана тынчтыкты четке кагуусу себептүү дүйнөнүн Израилге санкция киргизүүнү ойлонушу керектигин белгилеген Иштийе,«Газа тилкесинде жана Батыш Шериада өлтүрүүчү машинаны токтотууга» чакырды.

Белгилей кетсек, Мухаммед Иштийенин билдирүүсү Евробиримдиктин (ЕБ) тышкы иштер министрлери, Израиль, Палестина, Египет, Иордания жана Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Араб Лигасынын башкы катчысынын Бельгиянын борбору Брюсселде катышуусу күтүлүп жаткан жолугушуунун алдында жасалды.



Тектеш кабарлар