Жөөт отурукташуучуларынын Батыш Шериадагы кылмыштары

Рамалланын чыгышындагы Раммун шаарчасынын муниципалитет башчысы Ибрахим Сулейман жөөт отурукташуучулардын шаардагы палестиналык дыйкандар жайгашкан аймакка кол салганын, кол салууда 2 палестиналыктын жараланганын айтты.

2091367
Жөөт отурукташуучуларынын Батыш Шериадагы кылмыштары

Жөөт отурукташуучуларынын басып алынган Батыш Шериадагы Рамаллах жана Эл Халил шаарларында палестиналык тургундар жашаган жерлерге кол салууларынан материалдык чыгым болуп, 2 палестиналык жараланды.

Рамалланын чыгышындагы Раммун шаарчасынын муниципалитет башчысы Ибрахим Сулейман жөөт отурукташуучулардын шаардагы палестиналык дыйкандар жайгашкан аймакка кол салганын, кол салууда 2 палестиналыктын жараланганын айтты.

Израиль аскерлеринин бир палестиналыкты да кармап кеткенин белгилеген Сулейман, жөөт отурукташкандардын койлорун уурдоо үчүн эки палестиналык үй-бүлө жашаган имаратка кол салганын, жергиликтүү тургундардын да уурулукка бөгөт коюуга аракет кылганын айтты.

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу бөлүү дубалы (Уят дубалы) жана жөөт конуштары менен күрөшүү кеңешинин Facebook баракчасы Раммун шаарында жөөт отурукташкандардын кол салууларынан жараланган жана жүзү канжалаган палестиналыктын видеосу да орун алды.

Башка тараптан Кеңеш, Батыш Шерианын түштүгүндөгү жөөт отурукташкандардын Израиль аскерлеринин коргоосу астында Палестинанын айыл чарба жерлеринде жана Эл Халилдин түштүгүндөгү Масафер Яттадагы Сусия кыштагындагы түшүмдүү зайтун дарактары бар бакчаларда малдарын оттотуп жатышканын белгиледи.



Тектеш кабарлар