Израилдин кол салууларынан каза болгондордун саны көбөйүүдө...

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин кол салууларында дагы 178 палестиналыктын каза болгондугу, 293 кишинин жараланганы белгиленди.

2091376
Израилдин кол салууларынан каза болгондордун саны көбөйүүдө...

Израиль армиясынын Газа тилкесине бир нече айдан бери кол салууларынан каза болгон палестиналыктардын саны 25 миң 105ке, жаралуулардын саны 62 миң 681ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин кол салууларында дагы 178 палестиналыктын каза болгондугу, 293 кишинин жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө кол салуулардан улам кыйроолордон улам көп сандаган кишинин дагы эле урандылардын астында калганы, жарандык коргонуу жана шашылыш медициналык топтордун бул адамдарга жетүүдө кыйынчылык тартканы белгиленди.

Министрлик Израилдин 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесине баштаган кол салууларда каза болгон палестиналыктардын санынын 25 миң 105ке, жаралуулардын санынын 62 миң 681ге жеткенин билдирди.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месчит-аль-Аксага каршы тынымсыз бузууларына” жооп катары 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду баштаган. Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган эле.



Тектеш кабарлар