Батыш Шериада камакка алуулар
Израиль күчтөрүнүн оккупациядагы Батыш Шериада 2023 - жыл 7 - октябрдан бери камакка алган палестиналыктардын саны 6 миң 115ке жогорулады.
Израиль күчтөрүнүн оккупациядагы Батыш Шериада 2023 - жыл 7 - октябрдан бери камакка алган палестиналыктардын саны 6 миң 115ке жогорулады.
Палестиналык туткундар жамааты менен Палестина боштондук уюмуна караштуу Туткундар жана бошотулгандар делегациясынан берилген жазуу түрүндөгү биргелешкен маалыматта Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериадагы камакка алуулар тууралуу маалымат берилди.
Израилдин 24 саатта араларында балдар да болгон бирөөсү аял 22 палестиналыкты камакка алгандыгы билдирилген маалыматта 7 - октяьрдан бери Батыш Шериада камакка алынгандардын саны 6 миң 115ке жеткендиги белгиленди.
Израиль армиясынан Газага кол салуу баштаган 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста да палестиналыктарга карата камоо, рейд жана кол салуулар көбөйүүдө.