АКШдан Түркияга F16 билдирүүсү

Жон Кирби күнүмдүк пресс-брифингинде Түркияга F-16 сатылышына баа берди.

2090085
АКШдан Түркияга F16 билдирүүсү

АКШда Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби, Түркияга F-16 согуштук учактарын сатууга колдоолорунун уланып жатканын билдирди.

Жон Кирби күнүмдүк пресс-брифингинде Түркияга F-16 сатылышына баа берди.

Жо Байден башкаруучулугунун кызматка киришкенден бери бул темада бирдей багытты карманганын белгилеген Кирби: «Кошумча F-16лардын сатылышын жана Түркиянын F-16 флотунун жаңыланышын колдоону улантып жатабыз»,-деди.

Кирби, F-16 учактарынын сатылышына байланыштуу Конгресске расмий билдирменин качан берилери темасында болсо сатыла турганы тууралуу так дата бере албасын айтты.

Түркия 2021-жылдын октябрында 40 даана блок-70 F-16 согуштук учагын жана 79 модернизация комплекттерин сатып алуу үчүн АКШга ниет катын жөнөткөн.

АКШ башкаруусу ушул убакка чейинки билдирүүлөрүндө Түркияга F-16лардын сатылышын колдой турганын айтып, бирок Конгресске качан расмий билдирүү жасай турганы тууралуу так маалымат берүүдөн алыс болгон.



Тектеш кабарлар