АКШ Нигериядан уурдалган 8,9 миллион долларды кайра тапшырат

Америка Кошмо Штаттары 2014 -  жылы өлкө тышында мүлк ээси болуу максатында Нигерия жетекчилери тарабынан уурдалган  8,9 миллион долларды кайтарып берет.

2089843

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, АКШнын Королдук сотунун башкы прокурору Марк Темпл 2014-жылы Нигерия фирмалары тарабынан Жерсидеги банк эсебине салынган 8,9 миллион доллардын конфискациялангандыгын белгиледи. 

Бул акчалардын Нигерияга таандык экендигин белгилеген Темпл акчалардын өлкө тыында мүлккө ээ болуу максатында ал мезгилдин жогорку мартабалуу айрым жетекчилери тарабынан Нигериядан уурдалгандыгын айтты. 

Башкы прокурор Темпл бул каражаттарды кайтаруу үчүн Нигерия өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин чыгарды. 

Нигерияда мурдагы президент Гудлак Жонатан мезгилинде  акча которуулардын  2009-2015-жылдары өлкөдө Боко Харамдын кол салуулары учурунда курал - жарак сатып алуу боюнча өкмөт тарабынан бекитилген келишимдер катары камуфляждалганы айтылууда.

Тектеш кабарлар