Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму 2024 -  жыл үчүн 1,5 миллиард долларлык жардам чакыруусу

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун директору Тедрос Адханом Гебрейесус бул тууралуу өткөрүлгөн онлайн  жыйында сөз сүйлөп : «Бул жылы 166 миллионго жакын киши  куткаруучу гуманитардык жардамга муктаж болот»,- деди.

2089464
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  2024 -  жыл үчүн  1,5 миллиард долларлык жардам чакыруусу

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  2024 -  жыл үчүн жалпы дүйнөдөгү коргоосуз калктын саламаттыгын сактоо үчүн  1,5 миллиард долларлык жардам чакыруусун баштатты.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун директору Тедрос Адханом Гебрейесус бул тууралуу өткөрүлгөн онлайн  жыйында сөз сүйлөп : «Бул жылы 166 миллионго жакын киши  куткаруучу гуманитардык жардамга муктаж болот»,- деди.

Гебрейесус Судан, Украина, Эфиопия, Гаити, Мьянма жана Газадагы кагылышуулардын  үрөй учуруучу экендигин жана кайгылангандарын  айтты.

Гебрейесус 2023 - жылы дүйнө жүзү боюнча ар бир беш баланын бири кагылышуу болгон аймактарда жашагандыгын же ал жерден качууга аргасыз болгонун, климаттык алмашуунун  алкагындагы окуялардын ден соолукка да терс таасирин тийгизгендигин белгиледи.

2023 - жылы гуманитардык жардам каржылоосунун акыркы он жылдын эң төмөнкү деңгээлинде экендигин белгилеген Гебрейесус саламаттыкты сактоо тармагында болжолдонгон каржылоонун 12 пайызынын гана камсыздалгандыгын айтты.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун 2024 -  жылы жалпы дүйнөдөгү коргоосуз кишилерди коргоо үчүн  1,5 миллиард дооларлык жардам чакыруусун баштаткандыгын белгилеген Гебрейесус бул жардамдар менен  87 миллион кишини куткарган гуманитардык жардамдарды жеткирүүнү максат кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар