Түндүк Корея сынаган баллистикалык ракета...

Түндүк Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттиги бул тууралуу маалымат бөлүштү.

2088767
Түндүк Корея сынаган баллистикалык ракета...

Түндүк Корея катуу күйүүчү май менен иштеген, орто аралыкка учуучу, гиперүндүү дүрмөттөлгөн баллистикалык ракетасынын учуу сыноосун өткөргөнүн билдирди.

Түндүк Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттигинин маалыматына караганда, орто аралыкка учуучу ракетанын учуу сыноосу «гиперүндүү маневрлик дүрмөттүн башкаруусун жана маневрдүүлүгүн, ошондой эле жаңыдан иштелип чыккан катуу күйүүчү кыймылдаткычтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн» өткөрүлдү.

Түндүк Кореянын Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жасалган билдирүүдө, кечээки гиперүндүү дүрмөттүү орто аралыкка учуучу ракета сыноосунун «коргоо өнөр жайынын жаңы куралдарды өнүктүрүү боюнча үзгүлтүксүз иш-аракеттеринин бир бөлүгү» болгону белгиленди.

Билдирүүдө бул сыноонун коңшу мамлекеттердин коопсуздугуна эч кандай таасир тийгизбегени жана аймактык абалга эч кандай тиешеси жок экени айтылып, тесттин максатына ылайык ийгиликтүү өткөнү айтылды.

Түштүк Корея менен Жапония Түндүк Кореянын кечээ учурган ракетасынын 2024-жылдын биринчи баллистикалык ракета сыноосу болгонун жарыялашты.

Түндүк Корея акыркы жолу 17-декабрда кыска аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын, 18-декабрда континенттер аралык  «Хвасон-18» баллистикалык ракетасын сынаган.



Тектеш кабарлар