Палестинаны колдогон демонстрациялар уланууда

Израилдин Газадагы кыргынына дүйнөлүк каршы чыгуулар уланууда.

2088705
Палестинаны колдогон демонстрациялар уланууда
portekiz filistin destek.jpg
pakistan karaci filistin destek.jpg
kanada filistin destek.jpg

Израилдин Газадагы кыргынына дүйнөлүк каршы чыгуулар уланууда.

Австриянын борбор шаары Венада Палестинага колдоо кербени түзүлдү. Көптөгөн унаа айдоочулары сигнализацияларын кагышып, Газада болуп жаткан кыргындарга көңүлдөрдү бурду.

Португалиянын борбор шаары Лиссабондо чогулган жүздөгөн активист Израилдин Газага кол салууларына каршы Палестинага колдоо көрсөтүп, ок атышпоо талабын коюшту.

Пакистанда Палестинаны колдогон демонстрацияга он миңдеген адамдар катышты. Колдорунда Палестинанын желектерин кармаган демонстранттар Израилдин Газада уланып жаткан кыргынына реакция кылып, кол салуулардын дароо токтотулушун талап кылышты.

Ирандын борбору Тегеранда адвокаттар демонстрация уюштурушту. Ирандык юристтер геноцид кылган деген айып менен Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотунда козголгон ишти колдошту.

Тунисте жүздөгөн адамдар Палестинанын желектерин көтөрүп, Израилге каршы ураандарды чакырышты.

Палестинаны колдогон демонстрация Канаданын Торонто шаарында да өттү. Жүздөгөн демонстранттар транспаранттар жана Палестинанын желектери менен шаардын борборуна барышты. Жөө жүрүштө «Эркин Палестина», «Окупация кылмыш», «Газада геноцид токтотулсун» деген ураандар чакырылды.



Тектеш кабарлар