Палестина 100 күндүк кол салуу боюнча билдирүү жасады

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газага кол салууларынын 100-күнүндө жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2088610
Палестина 100 күндүк кол салуу боюнча билдирүү жасады

Палестина башкаруусу Израилдин Газа тилкесин 100 күндүн ичинде жашалгыс жерге айландырганын жана кылган кыргындары менен тарыхтын эң чоң гуманитардык апаатына себеп болгонун билдирди.

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газага кол салууларынын 100-күнүндө жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

 Газа тилкесинин элине каршы жасалган геноцидден бери азап, зулум, кайгы жана көз жаш менен толгон миң жылга барабар 100 күн өткөнү баса белгиленип, «Айрым өлкөлөр дагы эле Израиль кылган кыргындар, «өзүн-өзү коргоо» аргументин толугу менен жок кылганына ишенишпейт. Бул өлкөлөр эми согуштун уланышына себеп болгон позицияларынан баш тартышы керек»,-деп айтылды.

Израиль армиясынын Газаны 100 күндүн ичинде жашалгыс жерге айландырганы белгиленген билдирүүдө: «(Израиль армиясы) 100 миңге жакын адам каза болгон, жарадар болгон жана дайынсыз жоголгон коркунучтуу кыргындарды кылды жана 2 миллионго жакын адамды коопсуз баш калкалоочу жайсыз жана минималдуу жашоо стандарттарынан ажыраган абалда көчүүгө мажбурлады»,-деп айтылды.

Билдирүүнүн уландысы төмөнкүчө: «Кыргындардан жана кыйроолордон 100 күн өтсө да, эл аралык коомчулук дагы эле олуттуу чара көрбөй өз тынчсызданууларын жана чакырыктарын билдирүүдө, бирок Израиль аларды укпай, тескерисинче, Израилдин расмийлери  мактанууну, геноциддик согушту улантуу менен сыймыктанууну, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларына каршы чыгууну, эл аралык укуктук коргоо чараларын жана Эл аралык Адилет Сотунун угууларын көзгө илбей жатышат».

Мындан тышкары билдирүүдө эл аралык коомчулуктун Палестина маселесин чечүү жана Израилдин баскынчылыгына чекит коюудагы жетишсиздигин жана ийгиликсиздигин кайталаганы, Израилдин бул ийгиликсиздигинен пайдаланып, дагы көп согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды кылганына көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар