Хамастын "Убакыт өтүп жатат" аттуу видеосу

Араб жана иврит тексттерин камтыган видео Кассам бригадаларынын Telegram эсебинде израилдик туткундар тууралуу "Убакыт өтүп жатат" деген сөз айкашын колдонуу менен жарыяланды.

2088413
Хамастын "Убакыт өтүп жатат" аттуу видеосу

Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылы ХАМАСтын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадасы Газа тилкесинде туткунда калган 4 израилдик менен иш алып барган бөлүк менен байланыш үзүлгөнүн билдирди.

Араб жана иврит тексттерин камтыган видео Кассам бригадаларынын Telegram эсебинде израилдик туткундар тууралуу "Убакыт өтүп жатат" деген сөз айкашын колдонуу менен жарыяланды.

Видеодо 2014-жылдан бери Газада туткунда болгону айтылган Орон Шаул жана Хадар Голдин аттуу израилдик аскерлер менен Авера Менгисту жана Хишам эс-Саййид аттуу жарандардын сүрөттөрү орун алган.

«10 жыл өттү, алар эсиңиздеби? 2014-жылы Нетаньяху өкмөтү балдарыңызга көңүл бурбай, дагы деле аларды кайтарып бере элек»,деген билдирүүлөрдү камтыган видеодо Газада туткун болгон 4 израилдик менен байланыштын үзүлгөнү белгиленди.

Газадагы туткундардын үй-бүлөлөрүнө кайрылган видеодо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн балдарынын кайтып келишине маани бербегени баса белгиленип, «Унутпагыла, убакыт өтүп баратат» деген туюнтмалар колдонулган.

Израилдин аскерлери Орон Шаул жана Хадар Голдин 2014-жылы Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдары учурунда Кассам бригадалары тарабынан туткунга алынган.

Эфиопиялык Авера Менгисту менен Палестина тектүү израилдик экени айтылган Хишам ал-Сейид ошол эле жылдын ар кайсы мезгилдеринде Израилдин түндүгүндөгү жана Газадагы тосмолорду ашып Газага киришкен, кийин алардан дайын чыккан жок.



Тектеш кабарлар