Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Кол салууда араларында аялдар жана балдар болгон 20 киши каза болду.

2088361
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек
gazze otobus.jpg
gazze.jpg

Израиль түнү бою Газа тилкесиндеги чабуулдары менен 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алды.

Израилдин согуштук учактары Газанын борборундагы үйгө сокку урду. Кол салууда аялдар жана балдар болгон 20 киши каза болду.

Палестинанын телекоммуникация компаниясы да Израилдин Газада 2 кызматкерин өлтүргөнүн жарыялады.

Израиль армиясы Хан Юнус шаарын да бомбалады. Согуштук учактар ​​Дейр ал-Белах шаарында бир автобусту бутага алды. Анда кеминде 23 адам каза болду.

Газанын борбордук бөлүгүндөгү Дереж конушунда бир имаратты бомбалоодо 50 киши каза болду.

Израилдин артиллериялык бөлүктөрүнүн Зейтун жана Сабра райондоруна  кол салууларынын натыйжасында 5 киши каза болуп, 10 киши жараланды.

Хан-Юнуста 30дан ашуун палестиналык, анын ичинде балдар жана аялдар үйлөрүнүн бомбаланышынан каза тапты.

Израиль ошондой эле Газа тилкесинин борбордук жана түндүк бөлүктөрүнө гуманитардык жардамдын киришине тоскоол болууда.

Газадагы өкмөт ачкачылык жана суусуздуктан улам 800 миң кишинин өмүрү коркунучта экенин жарыялады.

Израилдин кол салууларынан түштүккө качкан газалыктар Рефах чек арасына тиккен убактылуу чатырларында жашоону улантууга аракет кылууда.

Суук менен көйгөйлөрү күчөгөн газалыктар тамак-аш жана суу алууда да чоң кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө.

Израиль армиясынын Газадагы жоготуулары да көбөйүүдө.

Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадасы Хан Юнус шаарында Израилдин бронетехникаларына кол салган көрүнүштөрдү жарыялады.

Израиль армиясы да Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү кагылышууда майор наамындагы бир аскеринин каза болгонун жарыялады.

Ошентип Израилдин Газа тилкесине кол салуулары башталган 7-октябрдан бери 521 аскер набыт болду.

Израилдин Газадагы кыргынына болгон реакциялар басаңдабайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун палестиналык качкындарга жардам агенттигинин башкы комиссары Филипп Лазарини палестиналыктардын 1948-жылдан бери эң чоң жер которууга дуушар болгонун айтты.

Лаззарини: «Газа эли үчүн акыркы 100 күн 100 жылдай сезилди»,-деди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газага кол салууларынан шейит болгон палестиналыктардын саны 23 миң 843, жаралуулардын саны 60 миң 317 болгону билдирилди.

 



Тектеш кабарлар