Тайванда бүгүн шайлоо болууда

Шайлоодо аралдын лидерлиги үчүн 3 талапкер  жарышат.

2088230
Тайванда бүгүн шайлоо болууда

2024 -  жылдын эң орчундуу шайлоосунун бири бүгүн Тайванда өтүүдө.

Аралды төрт жыл башкара турган премьер  - министр жана парламентти шайлай турган шайлоодо добуш берүү башталды.

Аралда жашаган  19 миллиондон ашуун катталган шайлоочу бүгүн добуш берет.

Жергиликтүү убакыт боюнча эрте менен саат  8де башталган добуш берүү түштөн кийин төрткө чейин созулат.

Шайлоодо аралдын лидерлиги үчүн 3 талапкер  жарышат.

Бийликтеги Демократиялык прогресс партиясынын талапкери Лаи Чинг  - те жана Улутчул партиянын талапкери Хоу Ю-их жарышта алдыга чыгууда.

Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү катары көргөн Кытай да шайлоого кылдат көз салууда.

Тайвань маселеси бир нече убакыттан бери Азия - Тынч океандагы чыңалуунун чордону болууда.



Тектеш кабарлар