Израиль күчтөрү Батыш Шериада 15 палестиналыкты камакка алды
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү Бейтүллахимде жүргүзүлгөн рейдде 6 палестиналыкты, Ел Халилде 3 кишини камакка алды.
Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шерианын ар кайсы жерлеринде жүргүзгөн рейддеринде 15 палестиналыкты камакка алды. Алардын чинен бирөөсү жаш бала.
Палестиналык туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу Палестина туткундар боюнча комитеттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериадагы Бетлехем, Хеброн жана Женин шаарларына кол салгандыгы билдирилди.
Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн бул рейддерде 15 палестиналыкты камакка алгандыгы, 7 - октябрдан бери Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста камакка алынган палестиналыктын саны 5 миң 835ке жеткендиги маалымдалды.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Израиль күчтөрү Бейтүллахимде жүргүзүлгөн рейдде 6 палестиналыкты, Ел Халилде 3 кишини камакка алды.
Израиль күчтөрү өзгөчө Бейтүллахимде камакка алган бир палестиналыктын мотоциклин жана Хеброндо палестиналыктарга таандык 30дан ашуун унааны конфискациялады.