Йеменде чыңалуу күч алууда

АКШ жана Британиянын биргелешкен операциясы менен Йемендеги хусилерге таандык 30 пунктка сокку уруусунан кийин дагы бир жаңы кол салуу болду.

2088227
Йеменде чыңалуу күч алууда

АКШ жана Британиянын биргелешкен операциясы менен Йемендеги хусилерге таандык 30 пунктка сокку уруусунан кийин дагы бир жаңы кол салуу болду.

Хусилер колдонгон радар объектисин бутага алган жаңы кол салуунун мурдагыга караганда кичине масштабдуу болгону жана АКШ тарабынан бир тараптуу түрдө жасалгандыгы билдирилди.

Йемендеги хусилерге таандык Ел Месира телекөрсөтүүсү да АКШ жана Британиянын Йемендин борбор шаары Санага карата кол салууларды жасагандыгын кабарлады.

Акыркы мезгилдерде Йемендеги хусилер Израилдин Газага карата кол салууларына жооп кылып Кызыл деңизде соода кемелерине карата кыймыл кылган. АКШ менен Британия да хусилерге таандык буталарга кол салган.

Акыркы мезгилдерде Йемендеги хусилердин Израилдин Газага карата кол салууларына жооп катары соода кемелерине каршы кыймылдарынан кийин көп сандаган кеме фирмалары Кызыл деңиздеги каттамдарын токтотуу чечимин чыгарган.

АКШ Йемендеги хуси күчтөрүнүн Кызыл деңиздеги соода кемелерине карата кол салууларына каршы эл аралык «Деңиз күчүнүн» курулушу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн билдирип : «Бейпилдик сакчысы операциясы» деген ат менен көп улуттуу миссиянын түзүлгөндүгүн жарыялаган.

Хусилердин кол салуулары, Жер Ортолук деңизди Кызыл деңизге байланыштырып Европа менен Азиянын ортосундагы эң кыска багытты сунуштагын, глобалдык сооданын 12 пайызга жакыны аткарылган Суэц каналынан өтүүлөрдү коркунучка салып, Кызыл деңизде соода кемелери учураган кол салуулар жана фирмалардын бири биринин артынан чыгарган чечимдер, глобалдык экономикадагы жаңы бир «жеткирүү чынжыры кризисинин» башталарына байланыштуу тынчсыздануулар күч алган.



Тектеш кабарлар