Каршылык көрсөтүү топтору: "Кол салуулар токтомоюнча эч кандай келишим же туткун алмашуу болбойт"

Каршылык көрсөтүү топтору Газадагы абалды талкуулаган жыйындан кийин Хамастын Telegram баракчасынан жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

2087783
Каршылык көрсөтүү топтору: "Кол салуулар токтомоюнча эч кандай келишим же туткун алмашуу болбойт"

Палестиналык каршылык көрсөтүү топтору, Израилдин Газага кол салуулары толугу менен токтомоюнча Тель-Авив менен эч кандай келишимге же туткун алмашууга барбай тургандарын дагы бир жолу кайталады.

Каршылык көрсөтүү топтору Газадагы абалды талкуулаган жыйындан кийин Хамастын Telegram баракчасынан жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

Билдирүүдө: «Палестина элине каршы кол салуулар толугу менен токтотулмайынча эч кандай келишимдер же туткундарды алмашуу болбойт деген улуттук позициябызды ырастайбыз» деп айтылды.

Араб жана Ислам дүйнөсүнө «Израиль менен Америка Кошмо Штаттарына каршы туруп алар менен карым-катнашты үзүү» чакырыгы салынган билдирүүдө, Израилдин кылмыштарына каршы мыйзамдуу күрөш жүргүзүп жаткан Түштүк Африканын мамилесинин мактоого арзырлык экени баса белгиленди.

Палестиналык каршылык көрсөтүү топторунун жыйыны өткөн жер жана катышуучу топтордун ысымдары тууралуу маалымат берилген жок.

Хамас баш болгон Палестиналык каршылык көрсөтүү топтору, Газадагы чабуулдар токтогонго чейин туткун алмашуу болбой турганын буга чейин көп жолу билдирип келишкен.

Түштүк Африка Республикасы 29-декабрда Эл аралык Адилет Сотуна Израилдин 7-октябрдан бери уланып жаткан Газага кол салуулары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун геноциддин алдын алуу жана жазалоо боюнча 1948-жылкы Конвенцияны бузган деген жүйө менен доо коюп Израилге убактылуу тыюу салууну суранган.

Доодо «Израилдин аракеттери жана мыйзам бузуулары геноцид болуп саналат, анткени алар геноциддик ниетте жасалган» деген сөздөр камтылып, кол салуулардын «Газадагы палестиналыктарды жок кылууну» максат кылганы баса белгиленген.



Тектеш кабарлар