Бельгиянын вице-премьер-министри Израилге каршы доо коюлушун колдойт

Вице-премьер X баракчасындагы билдирүүсүндө, «Бельгия Газадагы коркунучтуу гуманитардык азапка кайдыгер карай албайт, геноцид коркунучуна каршы чара көрүшүбүз керек»,-деди.

2087961
Бельгиянын вице-премьер-министри Израилге каршы доо коюлушун колдойт

Бельгиянын вице-премьер-министри Петра Де Саттер, Түштүк Африка сыяктуу өлкөсүнүн да Израилге каршы Эл аралык Сотко (ICJ) доо арыз менен кайрылышын каалайт.

Вице-премьер X баракчасындагы билдирүүсүндө, «Бельгия Газадагы коркунучтуу гуманитардык азапка кайдыгер карай албайт, геноцид коркунучуна каршы чара көрүшүбүз керек»,-деди.

«Түштүк Африка тарабынан коюлган доодон кийин Бельгиянын Эл аралык соттун карамагында чара көрүшүн каалайм. Муну Бельгиянын өкмөтүнө сунуштайм», - деп айтты.

Петра Де Саттер буга чейин да «Израилге бойкот кылууга убакыт келди» деп: «Тынымсыз бомбалоо адамгерчиликке жатпайт. Израилдин ок атышпоо боюнча эл аралык чакырыктарга көңүл бурбай жатканы айдан ачык», - деген эле.



Тектеш кабарлар