Амазонка токойлорунда байыркы шаар табылды

Археологдор мындан 2500 жыл мурда түптөлгөн шаарда адамдар 1000 жылдай жашаган деп болжолдошууда.

2087884
Амазонка токойлорунда байыркы шаар табылды

Эквадордун түштүгүндө Амазонка токойлорундагы Упано аймагында чоң байыркы шаар табылды.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, өсүмдүктөр менен капталган 2500 жылдык эбегейсиз чоң шаарды тапкан илимпоздор, бул ачылыштын аймактагы аңчы-жыйноочу катары сүрөттөлгөн байыркы элдерге карата көз карашты өзгөртө аларын айтышты.

Амазонкадагы байыркы конуштардын кичинекей жана адамдар көчмөн турмушта жашашкан деп ойлогон окумуштуулар, бул байыркы шаардагы үйлөр менен ачык асман алдындагы аянттардын ​​бири-бирине «таң калтырган» жолдор жана каналдар аркылуу туташканын аныкташты.

Археологдор мындан 2500 жыл мурда түптөлгөн шаарда адамдар 1000 жылдай жашаган деп болжолдошууда.

Изилдөө тобунун лидери - Франциянын Улуттук Илим изилдөө борборунун профессору доктор Стивен Ростен: «Бул жер Амазонкадагы биз билген башка байыркы шаарларга караганда эски. Бизде цивилизацияга европалык көз караш бар, бирок бул ачылыш маданият жана цивилизация жөнүндөгү аң-сезимибиздин өзгөрүшү керектигин айтып турат»,-деди.

Изилдөөнүн авторлорунун бири Антуан Дорисон: «Бул ачылыш Амазонка маданиятына болгон көз карашыбызды өзгөрттү. Бул жерде жашаган көптөгөн адамдар чакан топтор түрүндө жылаңач, аңчы-жыйноочу катары сүрөттөлгөн, бирок бул ачылыш бизге адамдардын шаардык жашоодо жашаганын көрсөттү»,-деген пикирин айтты.



Тектеш кабарлар