Перу Эквадор чек арасындагы 5 аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады

Бир тараптан Колумбия өкмөтүнөн берилген маалыматта да коңшу өлкө Эквадордун чек арасына кошумча аскердик бөлүктөрдүн жиберилери билдирилди.

2087334
Перу Эквадор чек арасындагы 5 аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады

Перу башкаруусу коңшу Эквадордогу окуялардан улам түндүк чек арасындагы 5 аймакта өзгөчө кырдаал жарыялагандыгын билдирди. 

Перу өкмөтүнүн берген билдирүүдө президент Дина Болуарте кол койгон жарлыктын алкагында өлкөнүн түндүк чек арасындагы 5 аймакта 60 күндүк өзгөчө кырдаал режиминин жарыяланганы белгиленди.

Эквадордо уланып жаткан зомбулук толкунунун  "тычсыздандырып" жаткандыгы белгиленген билдирүүдө өзгөчө кырдаал жарыяланып Тумбес, Риура, Кажамарка, Амазонас жана Лорето аймактарына кошумча  аскер бөлүктөрүнүн жиберилгени баса белгиленди.

Бир тараптан Колумбия өкмөтүнөн берилген маалыматта да коңшу өлкө Эквадордун чек арасына кошумча аскердик бөлүктөрдүн жиберилери айтылды. 

Жалпы өлкөдө бир канча убакыттан бери коопсуздук кризиси менен күрөшүп жаткан Эквадор өкмөтү "Фито" каймана аттуу козголоңчулардын башчысы Адольф  Макиас Салазар жана бир нече туткундун Гуаяс шаарындагы түрмөдөн качуусу жана андан кийин полиция унааларынын бомбалуу кол салууга учурашы менен  9 -  январда  60 күндүк өзгөчө кырдаал жарыялаган. 

Өзгөчө кырдаал чечиминен кийин кылмыштуу уюмдар көптөгөн полиция кызматкерлерин барымтага алып, унааларын өрттөшкөн.

 



Тектеш кабарлар