Нетаньяху- Блинкен жолугушуусу

Дүйшөмбү күнү Израилге барган Блинкен Израилдин президенти Ицхак Герцог, премьер-министр Нетаньяху, тышкы иштер министри Исраэль Катц жана согуш кабинетинин мүчөлөрү менен жолугушкан.

2086607
Нетаньяху- Блинкен жолугушуусу

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин жолугушуусунун жакшы өтпөгөндүгү, эки өлкөнүн согуш боюнча пикир келишпестиктеринин тереңдегени белгиленди.

Израилдин Канал 12 телекөрсөтүүсүнүн кабарында, Израилдин Премьер-министрлиги тарабынан жолугушуудан кийин жасалышы күтүлгөн жазуу түрүндөгү билдирүүнүн азырынча жарыялана электиги жана бул абалдын эки тараптын ортосундагы пикир келишпестиктерге ишарат кылганы айтылды.

АКШ менен Израилдин ортосунда «согуш темасындагы пикир келишпестиктердин тереңдегени» баса белгиленген кабарда, «Вашингтондун чыдамы түгөнүп баратат» деп жазылды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен, аймактык сапарынын алкагында Түркия, Греция, Иордания, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтеринен (БАЭ) кийин Сауд Арабияга барган. Дүйшөмбү күнү Израилге барган Блинкен Израилдин президенти Ицхак Герцог, премьер-министр Нетаньяху, тышкы иштер министри Исраэль Катц жана согуш кабинетинин мүчөлөрү менен жолугушкан.

Блинкендин бүгүн да улана турган сапарынын алкагында Израилдин коргоо министри Йоав Галлант, Согуш кабинетинин мүчөсү Бенни Ганц жана оппозициянын негизги лидери Яир Лапид менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Газа согушу башталган 7-октябрдан бери Жакынкы Чыгышка бешинчи жолу барган Блинкендин Тель-Авивден кийин Батыш Шериада палестиналык жетекчилер менен жолугушкан соң Египетке сапар тартышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар