Германияда дыйкандар нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө

Дыйкандардын нааразылык акциясы эки күндөн бери уланып жатат.

2086164
Германияда дыйкандар нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө

Германияда өкмөттүн айыл чарба саясатын сындаган дыйкандардын нааразылык акциялары өтүүдө.

Дыйкандардын нааразылык акциясы эки күндөн бери уланып жатат.   

Немис дыйкандары, өкмөттүн айыл чарбадагы субсидияларды акырындык менен кыскартуу планына реакция кылышууда.

Кечээ дыйкандар Берлин баш болгон көптөгөн шаарларда тракторлору менен жолдорду тосушту.

Немис дыйкандары нааразылык акцияларын 1 жума улантышат.

Германия өкмөтүнүн планына ылайык, дыйкандар мындан ары айыл чарбада колдонгон дизелдик отун үчүн салыктык жеңилдиктерди алышпайт жана айыл чарба унаалары автоунаа салыгынан бошотулбайт.



Тектеш кабарлар